Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Орусия Одессаны жана Полтаваны дрон менен аткылады. Набыт болгондор бар


Одессада дрон тийген көп кабаттуу үй, 3-июль, 2025-жыл.
Одессада дрон тийген көп кабаттуу үй, 3-июль, 2025-жыл.

Полтавада пилотсуз аппараттардын түнкү чабуулунда армияга мобилизация кылган аймактык борбор жайгашкан имарат жарым-жартылай бузулду. Украин аскерлери дрон тийгенден кийин имаратта өрт чыкканын билдирди. Жабыр тарткандар тууралуу азырынча так маалымат жок.

Полтаванын дагы бир районунда чабуулдан карапайым тургундар арасында набыт болгондор жана жараат алгандар бардыгы кабарланды. Турак-жай талкаланды.

Одессада дрон көп кабат үйгө тийгенде өрт чыгып, имарат зыян тартты. Одесса облустук аскердик администрация башчысы Олег Кипер беш киши, анын ичинде эки бала жабырканын телеграм-каналына жазды.

Украинанын куралдуу күчтөрү бейшембиге караган түнү орус армиясы "Шахед" үлгүсүндөгү дрондор менен чабуул койгонун билдирди. Маалыматка караганда 52 учкучсуз аппараттын 22и атып түшүрүлсө, 18 ар кайсы жерде жок кылынган.

Орусиянын Коргоо министрлиги адатта жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объекттерди бутага аларын билдирет.

Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаганына 3,5 жылга чукулдап баратат. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG