Трамп менен Путин бир сааттай телефондон сүйлөштү
3-июлда АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефондон сүйлөштү. Бул сүйлөшүү дээрлик бир саатка созулганын орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, эки президент Украинадагы согуш, Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сөз кылышкан. Орус медиасы бул сүйлөшүүдө Трамп Украинадагы согушту тез арада токтотуу маселесин көтөргөнүн, Путин Кремл бул согушка "негиз берди" деп эсептеген маселелерди кайталаганын жазды.
Ушаков орус президенти америка лидерин Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырганын, эки лидердин бетме-бет жолугушуусу тууралуу эч кандай чечим болбогонун да кошумчалады.
Азырынча Ак үй Трамп менен Путиндин телефон сүйлөшүүсүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Бир нече саат мурда Трамп орус президенти менен сүйлөшөрүн Truth Social түйүнүндөгү баракчасына жазган. Бирок анын максаты тууралуу айткан эмес.
Бул сүйлөшүүдөн кийин АКШ президенти Украинанын лидери Владимир Зеленскийге да телефон чалышы мүмкүндүгүн Reuters жаңылыктар агенттиги жазган.
Трамп экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийин биринчи жолу 12-февралда Путин бир жарым сааттай телефондон сүйлөшкөн. Бул Орусия Украинага басып киргенден бери эки өлкө президенттеринин биринчи түз байланышы болуп калган. Андан бери Трамп менен Путин Украинадагы согуш сыяктуу эл аралык маселелерди бир нече жолу телефон аркылуу талкуулаганы кабарланган.
Орусия Одессаны жана Полтаваны дрон менен аткылады
Полтавада пилотсуз аппараттардын түнкү чабуулунда армияга мобилизация кылган аймактык борбор жайгашкан имарат жарым-жартылай бузулду. Украин аскерлери дрон тийгенден кийин имаратта өрт чыкканын билдирди. Жабыр тарткандар тууралуу азырынча так маалымат жок.
Полтаванын дагы бир районунда чабуулдан карапайым тургундар арасында набыт болгондор жана жараат алгандар бардыгы кабарланды. Турак-жай талкаланды.
Одессада дрон көп кабат үйгө тийгенде өрт чыгып, имарат зыян тартты. Одесса облустук аскердик администрация башчысы Олег Кипер беш киши, анын ичинде эки бала жабырканын телеграм-каналына жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги адатта жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объекттерди бутага аларын билдирет.
Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаганына 3,5 жылга чукулдап баратат. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.
Бейшембиге караган түнү Одессага "Шахед"/"Герань" дрондору менен чабуул койду. Украинанын Аскер аба күчтөрү 52 учкучсуз учак атып түшүрүлүп, 22си атып түшүрүлдү.
Житомир шаарына урулган соккудан эки киши каза болуп, кеминде 24 киши жараат алды. Жарадар болгондордун төртөө балдар. Житомирдин полиция кызматы билдиргендей, жарылуулар 2-июлда кечки 6лар чамасында Березин айылына жакын жерде болгон.
Житомир шаардык кеңеши башында билдиргендей, жарылуу айланма жолдун жээгиндеги май куюучу жайда болгон. “Жарылуунун себептери аныкталып жатат. Бардык тиешелүү кызматтар окуя болгон жерде иштеп жатышат. Сабырдуу болуңуздар. Маалымат берилип турат”, - деп жазылган Житомирдин мэриясынын маалыматында.
Кийин жарылуудан Березин айылдагы эки өндүрүштүк аймак толугу менен жок болгону маалым болду. Ошондой эле турак үйлөр жабыркап, үч электр линиясы үзүлүп, 735 турак үй жарыксыз калганын “Житомироблэнерго” ишканасы маалымдады.
Житмордеги кырдаал Украина президенти Владимир Зеленскийдин көзөмөлүндө экенин анын кеңсесинин башчысы Виктор Микита кабарлады.