Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Мамыркулованын иши: Сот Фейсбукка пикир жазууга тыюу салды


Канышай Мамыркулова (ортодо) жакындарынын коштоосунда соттон чыгып баратат. Бишкек. 3-июль, 2025-жыл.
Канышай Мамыркулова (ортодо) жакындарынын коштоосунда соттон чыгып баратат. Бишкек. 3-июль, 2025-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук соту журналист Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап алты жылга кесип, төрт жылдык пробация менен абактан чыгарды.

Үч жарым айдан бери абакта олтурган журналист сот залынан бошотулду. Мамыркуловага Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, “Массалык башаламандыкка чакырык” жана “Расалык, этностук, улут аралык кастыкты козутуу” беренелери менен айып тагылган.

Алты жылдык абак төрт жылдык пробацияга алмаштырылды

3-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотуна журналист Канышай Мамыркуловага тилектештик билдирип барган кесиптештери жана санаалаштары арбын болду.

Чечим чыгары күтүлүп жатканда журналисттерге сот залына кирип, жараянды чагылдырууга уруксат берилди.

Өкүмдүн окулардын алдында журналист Мамыркулованын адвокаттары жарыш сөзгө чыкты.

Анда жактоочу Акынбек Ногоев журналистти Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен "күнөөлүү" деп корутунду чыгарган экспертизанын тыянагы жаңылыш экенин далилдөөгө аракет кылды.

Жактоочу Нурбек Сыдыков Канышай Мамыркулованын күнөөсүз экенин айтып, аны актоону соттон сурады.

Канышай Мамыркулова өзүнө тагылган айыптар менен макул эместигин дагы бир жолу кайталап, соттон адилет чечим чыгарууну суранды.

Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

“Сууну сиңген жерге куй” дейт. Мен өткөн отурумда менин тагдырымды чечип жаткан соң, маани берет деп, сизге болгонун болгондой айткам. Ички иштер министрлиги менен прокуратуранын Кыргызстандын президентин мага козгогон мыйзамсыз иш аркылуу ыңгайсыз абалга калтырган кемчилигин оңдоо сиздин колуңузда. Ошондуктан, сизге үмүт артып, адамгерчилигиңизге жана кесипкөйлүгүңүзгө үмүттөнүп турайын. Калганын Жараткан менен Ата-бабанын арбагына койдум”, - деди Канышай Мамыркулова.

Райондук сот журналистти айыптаган өкүм чыгарды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча үч жылга, 278-берене боюнча беш жылга кесилди.

Сот жарым-жартылай кошуу менен жалпы алты жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын төрт жыл пробация түрдө өтөөгө өкүм кылды.

Мурдагы отурумда прокуратуранын өкүлү Канышай Мамыркулованы Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен айыптуу деп таап, 8 жыл, 6 айга эркиндигинен ажыратууну соттон сураган.

"Дарыланууга муктаж, үй камагы негизсиз"

Пробация жазасында бир топ чектөөлөр бар:

Журналист айына эки ирет пробация органдарына барып, катталып турууга тийиш. Социалдык тармактарга коомдук тартипке жана бийликке каршы пост, комментарий жазбайт. Өлкөдөн сыртка чыгууга укугу жок. Эгерде жашаган дарегин алмаштырса же башка жакка чыга турган болсо, бул тууралуу пробация органдарына билдирүүгө милдеттүү. Пробация органдарынын программаларына катышууга тийиш. Алар Мамыркулова менен профилактика иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди.

Канышай Мамыркулова мындан тышкары, сот өкүмү күчүнө киргенче, үй камагында болот.

Саат 22:00-6:00 аралыгында үйдө болуу, бир жакка чыкса бул тууралуу тиешелүү органдарга маалымдоо керектиги эскертилди.

Адвокат Акынбек Ногоев журналисттин саламаттыгы начарлыгын, дарыланууга муктаж экенин айтып, бул боюнча сотко өзүнчө сунуш келтиришерин “Азаттыкка” билдирди:

Акынбек Ногоев
Акынбек Ногоев

“Үй камагы деген шарт боюнча сунушубузду өкүм колубузга тийгенден кийин сотко беребиз. Анткени Канышай Мамыркулова ооруканага жатып, дарыланууга аябай муктаж”.

Сот Канышай Мамыркулованын тергөө тарабынан камакка алынган квартирасын кайтарып берүүнү жана телефону өзүнө берилишин өкүм кылды.

Үч жарым айдан бери тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулду. Жакындары ага журналисттер менен баарлашуусуна уруксат беришкен жок.

Канышай Мамыркулова 26-мартта кармалып, камакка алынган. Ага Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголгон.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, журналистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Соңку жылдары өлкөдөгү сөз эркиндиги, медиа каражаттарынын ишмердигине байланыштуу тынчсыздануулар көбөйдү.

Буга акыркы мезгилдеги журналисттердин камакка алынышы медиага байланыштуу кабыл алынган мыйзамдар себеп болууда. Кыргыз бийлиги сөз эркиндиги бар экенин айтып, жоопкерчилик тууралуу эскертип келет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG