"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
12-февралда Өзбекстандын аскердик соту президенттин администрациясынын башчысынын мурдагы орун басары, өзбек президентинин мурдагы маалымат катчысы Комил Алламжоновго кол салуу аракети үчүн деген негизде 10 кишини узак мөөнөткө абакка кести.
5-февралда Тажикстандын Жогорку соту "мамлекеттик төңкөрүш аракети" боюнча айыпталып жаткан бир топ адамдарга өкүм чыгарды. Алардын арасында мурдагы министр, Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон он чакты мурдагы аткаминерлер, саясатчылар, журналисттер бар.
Тажикстандын Юстиция министрлиги баш калаа Дүйшөмбүдөн 24 чакырымдай жерде жайгашкан Вахдат районундагы катуу кайтаруудагы түрмөдө чыккан жаңжалда үч адам каза таап, абактын үч кызматкери жараат алганын билдирди.
Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь (Каңтар) окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды.
Казакстандын Алматы облусунун Карасай райондук соту 2022-жылдын январь окуялары маалында Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарына "кыйноо көрсөткөн" деп айыпталган алты полиция кызматкерин күнөлүү деп таап, үч жылдан эркинен ажыратты.
Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 74 жаштагы Салим Абдувалиев 12-январь күнү абактан чыкканы кабарланды. Ал узак убакыт бою жаман илдет менен алышканы, анын абактан чыгышына саламаттыгынын начарлашы себеп болгону айтылды.
Кипр өкмөтү инвестициялык программа алкагында чет элдиктерге берген "алтын паспортторду" жокко чыгарууну улантууда. Жергиликтүү Politis гезити 77 адамдан турган "кара тизмени" жарыялады.
Шавкат Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары, президенттин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров Түштүк Кореяга чыгып кеткени тууралуу маалымат тарады. "Азаттыктын" өзбек кызматы ишенимдүү булактарына таянып, Умаров кызматтан алынганын 25-ноябрда жазды.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чет элдиктер жана жарандыгы жоктордун айрымдарына "жагымсыз" деген аныктама берүүчү мыйзамга кол койду. Эми Өзбекстандын жана анын элинин ар-намысына, кадыр-баркына же тарыхына шек келтирип сүйлөгөн чет элдик жаранга өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынат.
Казакстанда өрттөн улам бир күндө сегиз киши иске ууланып каза болгону кабарланды. Алардын жетөө балдар.
Казакстандын Түркстан облусунда 100гө жакын эмгек мигранттары бир нече күндөн бери Сарыагаш райондук административдик сотун айланчыктап жүрөт. Алар Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Казак бийлиги аларга "миграция мыйзамдарын бузган" деген айып тагып, иш сотко өткөн.
Түркиялык Идил Дуран эки жашар баласы жана күйөөсү менен чоң автобусун айдап алып жер кыдырып жүрөт. Идилдин максаты - алгач Кыргызстандагы тайларына жетип, жүз көрүшүү эле. Tүркиялык үй-бүлө эми Өзбекстан, Түркмөнстан, андан ары Сауд Арабиясына чейин барууну көздөп турат.
Түркмөнстанда экономикалык абал начарлап, социалдык көйгөйлөр курчуп турган маалда Лебап облусунда кан тапшырып акча табууга аргасыз болгондор көбөйгөнү айтылууда.
Орус бийлиги чет элдик мигранттарды өлкөдөн чыгаруунун шартын жеңилдеткен мыйзам сунуштап жатат. Ага ылайык, административдик кодекстин дагы 20 беренеси боюнча мигранттарды Орусиядан чыгарууга жол ачылат.
4-июлда облуста аза күтүү жарыяланды. Шаршембиде таңга маал Орусиянын чабуулдарынан Днепрде беш киши набыт болду, 27 киши жараат алды. Орусия Белгород, Брянск, Москва облусунун үстүнөн дрондор, Кара деңизде эки экипажсыз катер жок кылынганын билдирди.
Алматы шаарынын полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбеков кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуяга байланыштуу кармалды. Бул иш боюнча бешинчи полиция кызматкери кармалды.
Кыргызстанда көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү. Коңшу Тажикстанда бал ачуу менен алектенген 50 адам кармалды.
Өзбек парламентинин төрага орун басары Алишер Кадиров өзбекче билбеген адамдарды мамлекеттик кызматка албоого чакырды.
Коңшу Казакстанда Борбор Азиянын, анын ичинде Тажикстандан барган мигранттарды текшерүү күч алганы айтылууда. Казакстандын полициясы ай башынан бери мыйзамсыз жүргөн ондогон тажикстандык жана өзбекстандык мигрантты депортация кылганын кабарлады.
Москванын аэропортунда камалып жаткан жүздөгөн тажик жараны Дүйшөмбүгө депортацияланды. Кремль чек арада чет элдиктерди текшерүү убактылуу экенин жана ал кайсы бир улутка атайын багытталбаганын белгиледи. Орус бийлиги мындай кескин чараны терроризмдин алдын алуу аракети деп түшүндүрдү.
Дагы жүктөңүз