"Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында ири иш-чаралардан баш тартууга тапшырма бергени кабарланды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Александр Сырский фронтто кырдаал курчуганын, украин аскерлери айрым конуштардан чегингенин билдирди. Орус армиясы Донецк облусунун Очеретино шаарчасынын карамагындагы Новобахмутовка айылын өз көзөмөлүнө алганы айтылууда.
Теги казак Ооганстандын жараны Сами Ата Гүл Астана аэропортунда паспортун тытып салды. Ал мындай аракетин Казакстандан кеткиси келбегени менен түшүндүрдү. Казак соту Ата Гүлдү "Казакстанда миграция мыйзамын бузган" деп депортациялоо чечимин чыгарган.
Акыркы жумаларда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана ансыз да ташкындан жапа чеккен Казакстандын аймактарында сел жүрүп, бир катар чыгымдарга алып келди.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москва шаарында жана Донецкидеги теракттардын алдын алганын билдирди. Эки шаарда тең күч органдары Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын кармашты, бирок алар кайсы мамлекеттен барганы азырынча тактала элек. Кармоо учурунда шектүүлөрдүн бири өлтүрүлгөн.
Брюсселде 5-апрелде Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жолугушуусу өттү.
"Түрк аба жолдору" компаниясы Латын Америка өлкөлөрүнө уча турган жүргүнчүлөргө чектөөлөрдү киргизди. Ага ылайык, Стамбулдан Венесуела, Мексика, Колумбия, Куба жана Бразилияга бет алган жарандардан барыш-келиш учак билети, мейманкана резервациясы суралат.
АКШнын президенти Жо Байден деңиз аркылуу Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн убактылуу порт куруларын билдирди. Порттон тилкеге күн сайын тамак-аш, таза суу жана дары-дармек ташыган жүздөгөн кеме кирет. Бирок анын курулушу жана гумжардам ташыган кемелердин негизги багыты тактала элек.
Шаршембиде Азербайжандын Баку шаарында көз карандысыз Toplum TV телеканалынын тогуз журналисти жана кеминде үч саясий активист кармалды.
Апта башында Москва шаарынын Солнцево районундагы курулуштардын биринде ондогон борбор азиялык мигранттар катышкан калайман мушташ чыкты.
АКШга мыйзамсыз кирип, депортация борборлорунда кармалып турган өзбекстандыктар президент Жо Байден баштаган бир нече кызмат адамдарын сотко бергени кабарланды. Алар убактылуу лагерлерде талапка жооп бербеген шартта кармалып турганын, адвокаттары менен байланыш чектелүү экенине даттанышкан.
15-февралга караган түнү Казакстандын Алматы шаарында жашаган каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) камакка алынганы кабарланды.
Өзбекстанда сот жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" сиробуна ууланган балдардын ишин кароону бир айлык тыныгуудан кийин кайра жандантты.
Казакстандын Мангыстау облусундагы Каракөл көлүндө 900дөй ак куу кырылып калды. Экологдор сууну изилдөө учурунда өтө көп зыяндуу заттарды тапты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 8-январда Казакстанда алдамчылыкка шек саналып, издөө жарыяланган жаран Бишкекте кармалганын билдирди.
Президент Владимир Путин Украинада орус тарапта кызмат өтөгөн чет элдиктерге Орусиянын жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Казакстандын TVCOM- спутник жана интернет оператору 1-январдан баштап айрым орусиялык телеканалдарды, анын ичинде "Биринчи каналды" (ОРТ) көрсөтпөй турганын билдирди.
Жапониянын батышында 1-январда күчү 7,6 баллга жеткен зилзалада 50дөй киши каза болуп, имараттар урап калганы расмий кабарланды.
Дагы жүктөңүз