"Шератон" үч кыз сабалган окуя боюнча маалымат берди

"Шератон" мейманканасы. Бишкек.

Бишкекте мейманканада үч кыз сабалган окуя боюнча Sheraton Bishkek түшүндүрмө таратты. Анда окуя болгон учурда коопсуздук кызматкерлери ыкчам аралашып, тараптардын кагылышынын алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көргөнү жазылган.

"Биз болгон окуяга терең тынчсыздануубузду билдиребиз. Sheraton Bishkek мейманканасы түрдүү зомбулукту - өзгөчө аялдарга карата зомбулукту кескин айыптайт, биздин бардык конокторубуз жана кызматкерлерибиз үчүн коопсуз жана бейпилдик атмосферасын камсыз кылууну өзүнүн негизги милдети деп эсептейт", - деп билдирди мейманкана.

Түшүндүрмөдө мейманкананын видеокөзөмөл камераларынан окуяга байланыштуу бардык кадрлар толугу менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кызматкерлерине берилгени, окуя болгон учурда токтоосуз милиция чакырылганы кошумчаланган. Мейманкананын администрациясы тергөө менен кызматташып жатканын маалымдап, айыптуулар жазаланат деген үмүтүн билдирген.

Соцтармактарда "Шератон" мейманканасынын короосунда бир нече эркек үч кызга кол көтөрүп, аларды бассейнге түртүп салганы тартылган тасма тараган.

Окуядагы жабырлануучулардын бири Алина Жакыпова сегиз киши кыздарга кол көтөрүп, аларга болушкан адамды сабап салганын, бул учурда мейманкананын коопсуздук кызматкерлери аралашпай, четте турушканын жазган.

"Рустам бизди сабап жатканда коопсуздук кызматкерлери аралашкан жок. Алар тескерисинче бизди мейманканадан кубалап чыгууга аракет кылышты", - деп жазды Жакыпова соцтармакта.

Кийинчерээк бул окуяга шектелип бийчи Жан Воинов жана анын кайниси Рустам Алмасов кармалганы кабарланды. Маалыматты Биринчи май РИИБи да ырастап, окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Шектүүлөр 48 саатка кармалганын кошумчалады.


Жан Воиновдун апасы, алып баруучу Ассоль Молдокматова да уулу катышкан окуя боюнча пикирин соцтармакта билдирип, тергөө аяктаганча күтө турууну өтүндү. Ал Инстаграмдагы баракчасына: "Мен акыйкат бүтүм чыгарына ишенем. Булар менин балдарым, аларды мен аябай жакшы көрөм. Зарина мага кызымдай, ал менин неберелеримдин апасы. Ар ким кылган ишине өзү жоопкер, мен дайыма адилеттик тараптамын", - деп жазды.

Соцтармактарда Sheraton Bishkek мейманканасын аялдар, кыздар жана аярлуу адамдардын коопсуздугу корголбогон жер катары белгилеп, ага бойкот жарыялоого чакырыктар жарыяланып жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндүКиевдеги соккуда Польшанын консулдугуна зыян келтирилди Бакуда кармалган "Sputnik" агенттигинин беш кызматкери камактан бошотулду"Жазуучулар атак-даңкты сүйөт жана эгоист болушат"