Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Бакуда кармалган "Sputnik" агенттигинин беш кызматкери камактан бошотулду


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Бакуда кармалган Орусиянын "Sputnik" маалымат агенттигинин Азербайжандагы өкүлчүлүгүнүн беш кызматкери эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бейшембиде бошотулду.

Бошотулган беш кызматкердин тең азери жарандыгы бар. Ал эми эки күн мурун кармалган агенттиктин Бакудагы кеңсесинин аткаруучу директору Игорь Каратавых менен башкы редактору Евгений Белоусов камакта калды.

"Sputnik Азербайжандын" кызматкерлери Москва менен Баку ортосунда дипломатиялык тиреш жүрүп жатканда кармалды.

Азербайжан менен Орусиянын алакасы 27-июнда Екатеринбургда 50дөй азери тектүү адам кармалгандан кийин курчуган. Анда эки адам каза тапкан. Экөө оор жараат алган.

Бул окуяга жооп катары Баку өлкөдөгү орусиялыктарды кармай баштады. 1-июлда "Sputnik Азербайжан" агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, жети адам кармалган. Ошондой эле Орусиядан келген сегиз IT-адис "уюшкан кылмыштуу топ түзүп, киберкылмыш жана Ирандан маңзат аткезчилиги менен алектенген" деп айыпталууда. Сотко алар бети-башы көгала болуп жетирилген.

Ошондой эле бейшемби күнү Москвада азери тектүү Вагиф Сулейманов кармалган. Аны орусиялык телеграм-каналдар "таасирдүү мыйзамдагы ууру" деп аташкан. Сулейманов үч айдан кийин Азербайжанга депортацияланат.

Шерине

XS
SM
MD
LG