Бейшембиде Орусиянын Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов Ооганстандагы "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакиге орус өкмөтүнүн Ооганстан Ислам Эмиратын расмий таануу тууралуу чечимин тапшырды. Бул тууралуу "Свобода" радиосу жазды.
3-июлда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Москвада талиб өкмөтүнүн жаңы дайындалган элчиси Гүл Хасандын колунан ишеним грамотасын алды. Маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сайтына жарыялады. Муну менен Орусия "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы бийлигин дүйнөдө биринчи болуп расмий тааныды.
"Талибан" дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө террордук уюм деп эсептелет. Орусияда да уюмдун ишмердүүлүгүнө көп убакыт тыюу салынып келген. 2024-жылы декабрда Мамлекеттик Дума талибдерди тыюу салган уюмдардын тизмесинен чыгарган мыйзам долбоорун кабыл алган. Быйыл 17-апрелде Орусиянын Жогорку соту "Талибан" кыймылынын "кара тизмеден" чыгарган.
Ооганстандын Москвадагы элчилигинин имаратына талибдер киргизген мамлекеттик желеги илинген.
Азырынча Орусиядан башка бир да өлкө талибдердин режимин расмий тааный элек. Аны көп учурда адам укугун бузууга, айрыкча кыздар менен аялдарга кылган мамилеси үчүн сындап келет.