Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Орусиянын Башкы прокуратурасы Норвегиянын Хельсинки комитетин "жагымсыз" уюм деп жарыялады


Норвегиянын Хельсинки комитетинин эн белгиси
Норвегиянын Хельсинки комитетинин эн белгиси

Орусиянын башкы прокуратурасы Мамлекеттик Думанын депутаты Андрей Луговойдун талабы менен Норвегиянын Хельсинки комитетин (Den Norske Helsingforskomité) "жагымсыз" уюм деп 24-июнда тааныды.

Бул тууралуу Луговой Орусиянын баш прокурору Игорь Красновго кайрылган билдирүүсүндө айтылып, Норвегиянын Хельсинки комитетин "СССРден жана башка социалисттик лагерге кирген өлкөлөрдөн кеткен диссиденттерди колдонгон Батыштын атайын кызматтарынын куралы" деп сындайт.

Луговой ошондой эле аталган эл аралык уюмду "Орусия Федерациясынын куралдуу күчтөрүнүн 1990-2000-жылдардагы Чеченстандагы жана соңку маалдагы Украинадагы аракеттеринин ортосунда "жалган окшош параллелдерди жана салыштырууларды" түзүп жатат деп айтыптады.

Норвегиянын Хельсинки комитети - 1977-жылы Ослодо негизделген бейөкмөт уюм. Бирикме 1975-жылы адам укуктарын туу туткан жана эл аралык кызматташтыкты сүрөгөн 35тен ашуун өлкө кирген Хельсинки макулдашуусунун принциптерине таянат.

Баш прокурор Краснов билдиргендей, Орусияда ондогон уюм "жагымсыз" деген тизмеге киргизилген. Мындан тышкары, ондогон чет элдик маалымат каражаттары да "жагымсыз" деп табылып, алардын ишине тыюу салынды. Алардын арасында Politico, France Presse, Der Spiegel, "Эркин Европа/Азаттык" радиосу," Дождь" телеканалы, "Медуза", "Новая газета - Европа", Yle, El País, EUobserver, LRT, Delfi жана башка медиа каражаттары бар.



Шерине

XS
SM
MD
LG