Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Азербайжандын ТИМи Орусиянын элчисине расмий протест билдирди


Михаил Евдокимов.
Михаил Евдокимов.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги 2-июлда Орусиянын Бакудагы элчиси Михаил Евдокимов чакырылганын билдирди. Билдирүүдө элчиге “эки өлкө ортосундагы мамилеге доо кетирген, достукка жатпаган аракеттер жана кадамдар боюнча протест берилгени" жазылган.

“Орусиянын укук коргоо органдарынын 27-июнда Екатеринбургдагы азербайжандыктын үйүндөгү рейд маалында эки жараныбыздын каза болушу жана бир канчасынын денесине оор залал алып келген мыйзамсыз аракеттерине дагы бир жолу тынчсыздануубузду билдиребиз. Орус тараптын версиясы каза болгон жарандардын денесиндеги зомбулуктун айкын белгилерине жана эксперттердин корутундусуна карама-каршы келери белгиленди. Орусиялык маалымат каражаттарында рейддерге байланыштуу “этностук чыдамсыздык көрүнүштөрү” байкалууда, ал эми азери улутундагыларга "этностук кылмыштуу топ" деген сөздөрдү колдонуу – таптакыр жол берилгис нерсе”, - деп жазылган Азербайжандын башкы дипломатиялык мекемесинин билдирүүсүндө.

ТИМ орус тараптан “орусиялык укук коргоо органдары жол берген мыйзам бузууну терең жана ачык талдап, кылмышкерлерди жоопко тартышын” күтөрүн билдирген. Мекеме Бакунун позициясын "Орусиянын ички ишине кийлигишүү" катары баалоо жана “Sputnik Азербайжандын" кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу орусиялык расмий өкүлдөрдын сындары негизсиз экенин кошумчалады.

Ошол эле маалда Орусиянын Федерация кеңешинин мүчөсү Андрей Клишас 2-июлда Азербайжанды “Орусиялык жарандар үчүн коопсуз эмес өлкө” деп атады. Буга удаа эле Орусиянын Бакудагы элчилиги тараткан маалыматта, соңку күндөрү элчиликке Азербайжанда жүргөн бир канча орусиялык жарандар кайрылганы айтылат. Алар катардагы жарандар жана өзүн полиция кызматкери деп тааныштырган кишилер документтерин текшерип, эмне үчүн Азербайжанда жүргөнүнө кызыгып, сурап жатышканына даттанган.

Шерине

XS
SM
MD
LG