Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Екатеринбургда азербайжан диаспорасынын башчысы сурак берди


Екатеринбург шаары
Екатеринбург шаары

Екатеринбургда "Азербайжан-Урал" уюмунун башчысы Шахин Шыхлински кармалганын УРАЛLIVE телеграм-каналына азери диаспорасынын жетекчисинин уулу, адвокат Мутвалы Шыхлински шейшембиде билдирди.

Ал атасы кармалардан мурун айнеги караңгылатылган машине анын артынан түшүп келгенин айтып берген. Baza телеграм-каналы Шыхлински уулу менен "Баку плаза" соода борборунун жанында кармалганын, андан кийин уулу кое берилгенин жазды.

"Автозак бизди бет алып келип токтоп, анын ичинен Орусиянын ФСБ кызматкерлери чыкты. Алар машиненин терезесин талкалап, бизди көздөй тапанчаларын чыгарышты. Ал маалда атам экөөбүз машинеде болчубуз. Биз эч кандай каршылык көрсөткөн жокпуз, машинеден чыктык, асфальтка жаткырышып, андан соң автозакка салып белгисиз тарапка алып жөнөштү. Андан кийин мени кое беришти, атамды мага белгилүү болгондой Свердлов облусунун Тергөө комитетине алып кетишти", - деп Мутвалы Шыхлински айтып берген.

Сурактан кийин Шахин Шыхлинскини кое берип, иште күбө экенин айтышкан. Иштин башка чоо-жайы белгисиз.

Воронежде Азербайжандан чыккан ишкер Юсиф Халиловго полиция келди. Baza телеграм-каналы ишкер "Ярды Superbar" ресторанын ээси экенин жазды. Халиловду Алексеевский базарынын ээлеринин бири деп аташат.

Шыхлински Екатеринбургда бир нече күн мурунку азери тектүү 50дөн ашуун киши кармалган рейдде суракка тартылган. Рейд маалында 2001-жылы болгон адам өлтүрүүгө шектелген ага-ини Сафаровдор набыт болгон, дагы эки киши оор жараат алган.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги 28-июнда Орусиянын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Петр Волковду чакырган.

Мекеменин билдирүүсүндө 27-июнда орусиялык полициячылар рейд жүргүзүп, "анда эки азербайжандык өлтүрүлүп, бир канча адам жараат алганы, он адам камалганы" айтылат.

Орусия ТИМнин өкүлү Мария Захарова Екатеринбургдагы кармоолор кылмыш иштеринин алкагында жүргөнүн билдирген. Дипломат шектүүлөр Орусиянын жараны экенин белгилеп, кармоолор 2001, 2010, 2011-жылдардагы киши өлтүрүүгө байланыштуу болгонун билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG