Тажикстан: Түрмөдөгү тополоңдо бир нече киши өлүп, жараат алгандар бар
Орусиянын Харьков облусунун Изюм шаарына жасаган соккусунан төрт адам каза болуп, жыйырмадан ашык адам жараат алды. Ал тапта АКШнын президенти Дональд Трамп Киевге берилген аскердик жардамдын ордуна Украинадан сейрек металлдарды сурады. Ирактын түрмөлөрүндө калган кыргызстандык кыз-келиндердин ата-энелери бийликке кайрылып, аларды мекенине кайтарып келүүнү суранды. Буга чейин кыргыз бийлиги Сирия менен Ирактан 700дөй аял жана балдар алып келингенин жарыялаган. Кыргызстанда MCN coin аттуу криптовалютанын күмөндүү түрүн жарнамалоо күчөдү. Жарнама кылгандар бул ири киреше булагы экенин айтса, адистер ал "каржы пирамидасы" экенин эскертип, оолак болууга чакырды. Тажикстандын Вахдат районундагы түрмөдөгү тополоңдо бир нече адам каза таап, абактын кызматкерлери жараат алганы маалым болду.
Чыгарылыштар
-
Июль 04, 2025
Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү
-
Июль 02, 2025
Садыр Жапаров Москвага эмнеге барды?
-
Июль 01, 2025
Жолдогу жемкорлук: Кара-Балтанын мэри кармалды
-
Июнь 30, 2025
Такыр-Төр көлү жырылды: эл үйүнө толук кайта элек
-
Июнь 27, 2025
Чүй: Такыр-Төр көлү ташып, тургундар эвакуацияланды
Шерине