Парламенттик шайлоо качан өтөт?
Садыр Жапаровдун буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып оңдоп чыкты. Парламенттин кароосуна жиберилген Шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорунда 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган. Парламенттик шайлоонун жол-жобосу белгилүү болгону менен, качан өтөрү билине элек. "Эксперттер талдайт" программасында ушул темада талкуу болду.
Чыгарылыштар
-
Июль 03, 2025
Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?
-
Июнь 25, 2025
Депутаттар демилгени колдон чыгардыбы?
-
Апрель 12, 2025
“Снос”: Мыйзам талабы жана менчик укугу
-
Март 13, 2025
Чек аранын чечилгени чөлкөмгө кандай таасир этет?
-
Февраль 27, 2025
Шайлоо мыйзамы: Партиялардын доору бүттүбү?
-
Февраль 05, 2025
Жапаровдун Бээжин сапары, Мишустиндин талаштуу билдирүүсү