АКШ Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону айтылууда. Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барды. УКМК буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта "гранаталарды алып, сатып жиберген" деген шек менен уюшкан кылмыштуу топ кармалганын билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткалдагы Иштамберди менен Жамгыр алтын кенинин 30 пайыздан ашык үлүшү мамлекетке өтөрүн билдирди. Убагында аталган эки кен боюнча нааразылыктар болуп, алар экологияга зыян тийгизип жатканы айтылган эле.
Чет өлкөлүк инвесторлор иштеп келген кендердин үлүшү кандай негизде мамлекетке өтөт?
Орусия Украинанын аймактарына акыркы түнү 100дөн ашык дрон учурду. Прокурор журналист Канышай Мамыркулованы сегиз жарым жылга абакка кесүүнү сурады. Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр тоолуу көлү жырылып, 900дөн ашык адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдан улам Орусияда жүргөн кыргызстандык мигрантардын бир тобу багытып өзгөртүп, башка өлкөлөргө кетсе, экинчи тобу мекенине кайтууну улантууда.
Акыркы жылдары балдардын тиши эрте кетип жатканы айтылып келет. Буга эмне себеп болууда? Тамак-аш сапаты начарлап, экологиянын бузулушубу? Эмне үчүн кош бойлуу аял тишине кам көрүшү керек?
Түркияга мектеп окуучуларын олимпиадага алып барып, Стамбул аэропортунда кармалган мугалим Азамат Нурмат уулунун соттук иши сентябрда карала баштайт. Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалган мугалим үй камагына чыгарылып, учурда Стамбулда жашап жатат.
Оштогу Кара-Суу базарынын жетекчиси менен соодагердин ортосундагы чыр чыгып, милиция териштирип жатканы белгилүү болду. Мунун алында соцтармактарда Кара-Суу базарында иштеген соодагерди базардын жетекчиси ур-токмокко алганы тууралуу видео тарап, анда бети-башы канжалаган адамды көрүүгө болот.
Үч айдан ашык убактан бери абакта жаткан журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча отурум Бишкектин Октябрь райондук сотунда 30-июнда уланат. Соттун жылышына журналисттин ишинде экспертиза жасаган адистин дагы келбей калганы себеп болду.
Орус армиясынын Днепр шаарына соккусунан 18 киши каза таап, 300 киши жараат алды. Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда.
Мадыда кайненесин керки менен чаап өлтүргөн, аялын уруп-сабаган деп шектелген 34 жаштагы тургуну эки айга камалды. Азыр 28 жаштагы келин оор абалда ооруканада жатат. Милиция тергөө жүрүп жатканын учкай гана маалымдап, толук маалымат бере элек.
Соңку күндөрү социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей, көңүл бурулбай жатканы боюнча билдирүүлөр талкууга түштү. Айрыкча, нарындык тургундун бийлик жетекчилерине ыр менен кайрылганы бул талкууларды жандантты.
Дагы жүктөңүз