"Азаттыктын" "Мигрант медиа" долбоорунун редактору. 2007-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетин аяктаган.
Кыргызстандык Жамал (аты өзгөртүлгөн) Америкага мыйзамдуу кирүүгө үмүт кылып, азыркы тапта Мексикада отурган мигранттардын бири. Ал Тихуанага үч баласы менен жыл башында барган. Ижарага батир алып, айына 1500 доллар төлөп жашап жатканын, күнүнө 5 миң сомдой тамак-ашка короторун айтып берди.
Орусияда теги тажикстандык жаранга өкүм чыкты. Новосибирск шаарында райондук сот аны "орус аскерлери тууралуу фейк маалымат тараткан, саясий ээнбаштыкка барган" деп, жети жылга эркинен ажыратты. Укук коргоочулар мигрантка тагылган айып далилсиз болгонун айтып жатышат.
Орусияда аскер кызматынан качты деп айыпталган теги кыргызстандык жигит Бишкекте кармалып, азыр тергөө абагында отурат. Жакындары Кыргызстандын укук коргоо органдары аны Орусиянын талабы менен кармаганын айтып, экстрадиция болушу мүмкүн деп тынчсызданууда.
Орусияда кийим тигип, дизайнерлик менен алектенген Айпери Сайдали кызы балдары менен жолуга албай жатат. Үч баласы мурдагы күйөөсүнүн колунда.
Орусиядагы “Сахарово” миграциялык борборунда кыйноого кабылып, арыздангандардын аягы тыйыла элек.
Москвада Украинадагы согуштан келгендердин кол салуусуна кабылган таксинин айдоочусу окуянын чоо- жайын айтып берди. Кыргызстандык мигрант өмүрүнөн кооптонуп турганын белгилеп, аты-жөнүн ачык айтпоону жана жүзүн көрсөтпөөнү өтүндү.
Бек Шеримбек уулу 2018-жылы Орусияда жумуш учурунда кырсыкка кабылган. Мигрантты курулушта кыш жүктөлгөн таңгак басып калып, омурткасы сынган. Белинен, бутунан майып болуп калган жигитти дарылатуу үчүн ата-энеси, бир туугандары да миграцияга кетүүгө аргасыз болгон.
Ош шаарынын тургуну Рысбү Абдыраева Орусияга иштегени кеткен небереси Улукман Капаровдон маалымат ала албай жатканын айтып кайрылды. Небереси 2022-жылы күздө Орусияга кетип, курьер болуп иштеп жатканын айткан. Бир ай өткөн соң Улукмандын теңтушу ал баңгизаты менен кармалганын кабарлаган.
Москвада курьер болуп иштеген Алиярбек Матраимов кардар берген баштыктын ичинен маңзатка окшогон шектүү зат табылган окуяга экинчи ирет кабылган. Мигрант жигит быйыл январда кооптуу баштыкты жолдон ыргытып жиберген. Бул жолу ал жеке коопсуздугунан чочуп, Кыргызстанга кайтып келди.
Орусияда 10 жылдан бери иштеп жүргөн Азат (аты өзгөртүлдү) 27-мартта Москванын “Шереметьево” аэропортуна учуп барып, 13 сааттык текшерүүгө кабылган. Мигранттын документтери гана эмес, телефону дагы текшерилген. Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады.
Орусиялык Вадим (аты өзгөртүлгөн) жакында эле кыргызстандык Айжан (аты өзгөртүлгөн) менен баш кошту. Учурда жубайлар Чүйдөгү айылдардын биринде жашайт. Вадим Орусиянын Украинага бастырып киришин сындап жүрүп, акыры мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон.
33 жаштагы Бактыгүл Жээнова Орусияда кулчулукта жүргөн жеринен жарым жыл мурда качып келгенин айтууда. Кулчулуктан кутулууга ал жашап жүргөн үйгө капыстан конокко барып калган мекендеши жардам берген. Бактыгүл суукта кой кайтарып, зордук-зомбулук көрүп, мекенине качып келүүгө аргасыз болгон.
29 жаштагы Даткайым Маматкадырова Американын Чикаго шаарында жашап жатканына алты айдан ашты. Ал АКШга өткөн жылы күйөөсү жана эки баласы менен Мексика аркылуу келген. Жубайлар бул үчүн балдары менен тобокелчиликке барып, жалпысынан 25 миң доллар сарптаган.
Орус бийлиги борбор азиялык мигранттарды Украинага согушка барууга, согуш талаасында окоп казууга, Москва оккупациялап алган Украинанын жерлерин калыбына келтирүү иштерине тартууга кызыкдар болууда. Басым-кысым менен орус жарандыгын алган борбор азиялыктарды Украинага согушка барууга мажбурлоодо.