"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кошмо Штаттар Африка боюнча жаңы стратегиясын аныктап жатат. Ага ылайык, Вашингтон кара континенттин өлкөлөрүн иргебей, жапырт жардам берүү тажрыйбасынан баш тартмакчы.
Европа парламенти орус газын Германияга Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келүүчү жаңы долбоорду Евробиримдиктин коопсуздугу үчүн “коркунуч” деп атады.
Орусиянын өзөктүк курал алып жүрүүчү учактарынын Венесуэлага барышын Америка Өлкөлөрүнүн Уюму сынга алды. Анын билдирүүсүндө мындай аракет Венесуэланын өз конституциясына каршы келери да айтылат.
Миграция боюнча глобалдык макулдашуу кабыл алынды. Бирок ушул дүйшөмбү күнкү жыйында ага Улуттар Уюмуна мүчө 194 өлкөнүн 164ү гана кошулду.
Сауд Арабиясы менен Иран кайрадан бирин бирин айыпташты. Расмий Эр-Рияд Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин кезектеги саммитинде Иранды "чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип жатат" деп сынга алды.
10-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынганына 70 жыл толду.
Кытайдын Huawei компаниясынын Канадада кармалган топ-менеджеринин баш коргоо чарасы 7-декабрда бул өлкөнүн сотунда каралганы турат.
АКШ Орусия менен ракеталар боюнча "кансыз согуш" доорунда түзүлгөн келишимден чыгарын кайрадан эскертти.
АКШ Пакистандан Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жардам берүүнү өтүндү. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү расмий Исламабад айтып чыкты. Ак үй бул билдирүүнү азырынча ырастай элек.
АКШ жана Кытай “соода согушунда” токсон күндүк тыныгуу жарыялашты.
АКШ Ирандын Йемендеги жарандык согушка аралашканынын "жаңы далилдерин" жарыялады.
Украин президенти Петро Порошенко НАТОдон өлкөсүн коргоого жардам иретинде Азов деңизине аскердик кемелерди жөнөтүүнү суранды.
Кошмо Штаттарда атайын прокурор Роберт Мюллер президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту "тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашууну бузган жана калп айткан" деп айыптоодо.
Украин парламенти 26-ноябрда кечинде өлкөгө аскердик абал киргизди. Мындай сунуш менен президентке жана парламентке Украинанын Коргонуу жана коопсуздук кеңеши 25-ноябрдын түнүндө кайрылган.
Эл аралык полиция уюму - Интерполдун жаңы президенти болуп, Түштүк Кореянын өкүлү Ким Чон Ян шайланды. Муну менен бул уюмдун башчылыгына Орусия көргөзгөн жана ал түрткөн талапкер өткөн жок.
Ооганстанда быйыл апийимдин түшүмү азайды. Улуттар Уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин эң соңку иликтөөсү мына ушуну көргөздү.
Кытай Батыш мамлекеттери алардын ички ишине кийлигишпеши керектигин кайрадан айтып чыкты.
Сингапурда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин жана алардын Азия - Тынч океан аймагы боюнча өнөктөштөрүнүн саммити өттү.
Орусияда оппозициячыл саясатчы жана коррупцияга каршы активист Алексей Навальныйдын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынды.
Жарандык согуштун кучагындагы Йеменде маанилүү порт жайгашкан Ходейда шаары үчүн уруштар уланууда. Бирок cогушту токтотуу тууралуу чакырыктар, каршылашкан тараптарды сүйлөшүүгө көндүрүү аракеттери да жандана баштады.
Дагы жүктөңүз