"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, 2013-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
Пакистан 7-майда эртең менен Индиянын ракета чабуулунан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады. Дели "Синдур" деп аталган аскердик операциянын алкагында Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына чабуул жасалып, тогуз жай бутага алынганын маалымдады.
Украинанын Харьков шаарында ракеталык соккудан бир адам набыт болду. АКШ Украина менен Орусия маселесинде чыдамы түгөнүп баратканын ишарат кылды. Кыргыз бийлиги "жергиликтүү банк орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү" деген маалыматты четке какты.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Орусиянын ТИМи Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады.
Орус башкы дипломаты казак президентинин "аймактык бүтүндүк" тууралуу дээрлик үч жыл мурдагы сөзүнө комментарий берди. Бишкекте укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралууда. Ош шаарында мэриянын кызматкерлери жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды.
Кыргызстандын курама командасы 13-июнда Омандан кайтып келди. Кыргыз футболчулары Омандын командасы менен ойноду. Бул акыркы жыйынтык тарыхта биринчи жолу кыргыз футболчуларына дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-айлампасына өтүүгө шарт түздү.
“Азаттык” жыл сайын жүздөгөн кишилердин жашоосу, тагдыры, башкаларды шыктандырган иш-аракети тууралуу айтып берип, жашоо-турмушунун өзгөрүшүнө таасирин тийгизип келет. 2023-жылы “Азаттык” өзгөрткөн же үнүн жеткирип, окуялардын өнүгүүсүнө аз да болсо таасир эте алган видео баяндарга токтолдук.
Казакстандын былтыркы январь айындагы массалык башаламандыкка шек саналгандар арасында "Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары да бар" деген билдирүүсүн Кыргызстан менен Тажикстан четке какты.
Соңку күндөрү Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты. Кыргызстанда сасык тумоого кабылган балдар көбөйдү. Иранда элдик толкундоолор башталганы экинчи адам дарга асылды.
Кыргыз Эл акыны Омор Султанов көзү тирүү болгондо 6-ноябрда 87 жашка чыкмак. Акын окурмандарына «Сен жөнүндө поэма», «Чарчоонун жүзүнчү ыры», «Адамдын турмушу» баштаган классикалык чыгармаларын мураска калтырган.
Бишкектеги Спорт сарайынын алдында Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултулуп жатат. Ал үчүн республикалык штаб ачылып, ага шаар тургундары азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана башка зарыл оокаттарды тапшырууда.
Ноокен районунун Достук айыл аймагынын тургундары 20 көчөгө гүлдүн он чакты түрүн өстүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик көчөлөргө гүл койгуч жасап, атайын идиштерди орнотуп берген. Көз жоосун алган гүлдөрдү негизинен жол боюндагы үйлөрдүн жашоочулары карайт.
Кыргыз-казак чек арасында жук ташуучу унаалардын узун кезеги кайра жаралды жаралды. Кең-булуң авто-жол" өткөрүү бекетинде ушул тапта 60ка чукул машине 10-15 сааттан бери өтө албай турат. Кыргызстандын өкмөтү эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, абалды жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирүүдө.
11-августта Баткен жана Жалал-Абад облустарында мектеп директорлугуна талапкерлер сынак тапшырды. Тестирлөө аркылуу Баткендеги 98, Жалал-Абад облусундагы 158 мектепке жаңы директор дайындалат. Министрлик өлкөдөгү миңдей мектептин жетекчиси сынак менен башынан тандала турганын билдирген.
Токмок шаарында “карындашын коргоп, адам өлтүрүүгө” шек саналган Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Анын карындашы бийликке кайрылып, агасынын ишинин калыс тергелишин жана аны үй камагына коё берүүнү суранды.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова алтын байгеге ээ болду. Сезим Жуманазарова менен Арууке Кадырбек кызы коло медал тагынды.
Кыргыз өкмөтү кумшекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизди. Акыркы кезде анын килограммы 100 сомго чыкты. Украинадагы согуштун кесепети, кургакчылык дүйнө жүзүндө тамак-аш баасына таасир эткени, анын эпкини Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөнү айтылууда. Экономисттер мындай учурда ар бир өлкө өз өндүрүшүн өргө жылдырышы керектигин белгилешүүдө. "Азаттык" тамак-аш баасы карапайым элге кандай таасир эткенин билүү үчүн шаардыктарга микрофон сунду.
Кыргызстандык бир катар аймактарында сел жүрдү. Селдин кесепетинен 1150дөй адам убактылуу жайларга көчүрүлдү.
14-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына жарандык активисттер нааразылык акциясына чыгышты. Алар эки өлкөнүн чектеш аймагындагы акыркы жаңжалга тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, чек араны тынчтык жолу менен тактоону талап кылышты. Милиция айрым жазууларды "агрессивдүү маанайда" деп баалап, көтөрүп чыгууга болбой турганын эскертти.
Чек ара кызматы бүгүнтөн тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө чектөөнү токтотконун билдирди. Эми кыргызстандык жарандар коңшу өлкөгө эч тоскоолдуксуз өтө алат. Бирок, коронавируска байланыштуу ПЧР-тест тапшыруу керек.
Бангладештин он чакты жараны Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бирине иштегени келип, бирок келишимде көрсөтүлгөн айлыктарын ала албай, башка дагы чарбалык жумуштарга тартылып, кыйноого кабылганын айтып чыгышты. Жумуш берген тарап муну четке кагууда. Бул окуяны милиция териштирүүдө.
Дагы жүктөңүз