"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыймылдын лидери милицияга сурак берди
Таластагы автобазадан чыккан өрттөн жабыркап, оор абалда жаткан үч адам бүгүн каза болду, ушул эле кырсыктан буга чейин бир киши набыт болгон эле.
Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар аткаминер, депутаттардын саны 20-августта айтылгандан алда канча көп экенин билдирди.
“Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүнө бул ирет мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев келди. Ал өзүнүн отставкасы, Мамлекеттик дирекциядагы чуулгандуу иштер жана башка маселелер тууралуу суроолорго жооп берди.
Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө даярдык көрүүсү үчүн 500 млн. доллар каражат берерин убада кылды.
Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү саясаты ийгиликсиз болду, соттор дале бийликтен көз каранды деп эсептейт. Профессор ошондой эле Келдибековдун үй камагына чыгышы саясий чечим болду деген пикирде.
Бир күндүк иш-сапар менен Монголияга кетип, ал жакта дээрлик 5 күн жүргөн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди айрым саясатчылар сынга алышты.
Кыргыз-тажик расмийлери Тамдыктагы окуяны биргелешип иликтөө тууралуу макулдашты. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин 11-июлда Ак-Сай-Баткен, Ворух-Исфара жолу ачылганы белгилүү болду.
Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.
Кыргыз парламентинин тиешелүү комитети бирдей жыныстагы адамдардын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга тыюу салчу мыйзам долбоорун колдоду.
Бишкектин Свердлов райондук соту бейбаштыкка шектелген АКШ жараны, “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбордун кызматкери, 29 жаштагы Мекрей Брендон Корнелиусту 4 жылга эркинен ажыратты.
Оштогу райондор аралык экономикалык сот ОшТВ телеканалынын буга чейинки сатылышы жана сатып алынышы мыйзамсыз болгон деген чечим чыгарды.
The Dreamers ырдайт
Коррупциялык иштерге аралашкан деген шек менен кармалган депутат Акматбек Келдибеков ооруканада жатканына карабай тергөөчүлөр ага айып тагууга далалат жасашып жатканын адвоткаты айтып чыкты.
7-май эл аралык радио күнү. Муну утурлай “Азаттык” күнүмдүк жашоосу радио менен тыгыз байланышкан, радионун угарманы, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду кепке тартты.
Орус медиасы Кыргызстан Бажы биримдиги боюнча “Жол картасын” ушул айдын аягында кабыл алаарын жазып жаткан маалда, өкмөт мүчөлөрү бул уюмдун артыкчылыгын коомчулукка байма-бай түшүндүрүшүүдө.
Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенине байланыштуу талаптар менен 30-мартта райондун борборуна жөө жүрүш жасашты.
“Ата Мекен” фракциясы коалициядан чыкты
Дагы жүктөңүз