Орусиянын экономикасы cолгундаса да согуш токтобойт

Грозныйдагы аскердик униформа тигүүчү цех

Айрым статистика Орусиянын экономикасы рецессияга баратканын көрсөтүп жатат. Бирок бир катар эксперттер мындай көрүнүш Москваны согушту токтотууга түртпөй турганын, урушка таасир этүүчү бир эле экономикалык фактор бар, ал - мунайдын баасы деп эсептешет.

Орусиянын экономика министри Максим Решетников Санкт-Петербургдагы экономиклык форум учурунда сандар өлкө экономикасы рецессияга баратканын көрсөтүп жатат деп айткан.

Бул аз келгенсип 19-июнда Борбордук банктын төрайымы Эльвира Набиуллина пессимисттик маанайдын чырагына май тамызып, буга чейинки өсүштү камсыздаган бекер эмгек ресурстарынын көбү түгөнүп баратканын, эми «өсүштүн жаңы моделдерин ойлонуу зарыл болуп турганын» билдирди.

Сбербанктын төрагасы Герман Греф форумдагы жолугушуулардын биринде орус экономикасы туш болгон «көйгөйлөрдү тынч бороон менен» салыштырды.

Москва Украинага кол салган 40 жумадан бери согуш абалындагы орус экономикасы тез, айрым учурларда өтө ылдам өсүп жана санкцияларга туруштук берип келатат. Мындай көрүнүштү Батыштагы көптөгөн эксперттер күткөн эмес.

Кремл экономиканы согуштагы керектөөнү камсыздагыдай кылып өзгөрттү, замбирек, танк, дрон жана униформа чыгарган ишканалар өндүү коргонуу өнөр жайына эбегейсиз акча салууда. Андан тышкары ал тармакта иштеген жумушчуларга, аскерлерге үч уктаса түшкөн кирбеген маяна, кенемте төлөп келатат.

Мунун бардыгы жакыр, алыскы чөлкөмдөрдөгү экономиканын абалын жакшыртып, анын аркасы менен урушту колдогондордун санын арттырды.

Бирок жогору айлыктар инфляциянын өсүшүнө алып келип, Борбордук банктын төрайымы Набиуллина аны ооздуктоо максатында өткөн октябрда негизги үстөк пайызды 21% чейин көтөргөн.

Орус экономикасынын өсүү темпи Москва Украинага кол салгандан бери алгачкы жолу жайлап баратат.

Финляндия банкынын Изилдөө институтунун өкүлү Иикка Корхонендин айтымында, өндүрүш өсүп жатканы менен калган көрсөткүчтөрдөн өсүштүн токтоп калганын же ага жакындаганын баамдаса болот.

Ал эми Вашингтондогу Европалык саясатты талдоо борборунун эксперти Александр Коляндр азыркы тенденция орус экономикасы өз ордуна кайтып жатканынан кабар берет деп эсептейт.

«Акыркы эки жылдан бери Орусиянын экономикасы кадимки ыргагынан эселеп ашкан тездик менен өсүп жатты», - деп түшүндүргөн эксперт өкмөттүн алдында көнүмүш темпке кайтканда абалды толук кыйроого жеткирбөө милдети турганын кошумчалайт.

Эми экономиканы эмне күтөт?

Расмий статистикага ылайык, Орусиянын ички дүң өнүмү үстүбүздөгү жылдын үч айында былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтү менен салыштырганда 1,4% өстү. Бирок 2024-жылдын алты айында экономика кайнап, орточо өсүш 4,4% болду.

Расмий прогноздордо ички дүң өнүм быйыл 2% айланасында болоору болжолдонууда. Эл аралык валюта фонду андан да төмөн – 1,5% деген прогнозун чыгарды.

Орусиядагы жумушсуздуктун көрсөткүчү буга чейин болуп көрбөгөн 2,3% деген минимумду түзүүдө. Мындай көрүнүш эмгек рыногунун канчалык өзгөргөнүн көргөзөт. Эмне дегенде эркек кишилер жарандык иштерге тартылбай, Украина менен согушка салынып жатат.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Орусия боюнча программасыын улук изилдөөчүсү Мария Снеговая белгилегендей, “мамлекет экономикага такай акча салып турганына карабай, үстөк пайызды жогорку деңгээлде кармоо менен экономиканын өсүшүн жайлатууга жетишишти”.

Азырынча президент Владимир Путин Набиуллина жана экономиканы тескеген башка жетекчилердин ишине кийлигишкен жок.

Санкт-Петербургдагы талкуулардын биринен кийин Путин экономиканын дымып калышын жана рецессияны алдын алуу, “экономиканы тең салмактуу өсүшкө алып келүү” зарылдыгын белгеледи.

Санкциялардан улам, Кремлдин казынасы мунай менен газдан түшкөн кирешеге ого бетер көз каранды болуп калды. Бирок мунайдын баасы жыл башынан бери төмөндөп кетти. Финансы министрлиги кара майдан түшкөн киреше быйыл азыраак болорун божомолдойт.

Тең салмактуу же жайыраак өсүш айлык акылардын жогорулашына терс таасир этет. Муну менен катар кожолуктардын кирешеси азайса, нааразылык жаралышы ыктымал.

«Независимая газетанын» маалыматына караганда, компаниялар менен ишканалар жумушчулардын маянасын кеч төлөгөн учурлар көбөйдү. Региондордо согушка барам деген ыктыярчыларга убада кылынган акчанын өлчөмү да азайууда.

Буга карабай Путиндин согушка чекит коюу ниети жоктой көрүнөт. Ага бир миллионго чукул кишинин каза таап же жараат алганы да тоскоол болбогондой. Өкмөт быйылкы жылы 13,1 триллион рублди (144 млрд доллар) коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүнө коротууну пландап жатат. Ички дүң өнүмүнүн 6,3% түзгөн көрсөткүч СССР мезгилилинен берки эң жогоркулардын бири.

“Тилекке каршы бул согуш экономикалык себептерден улам токтоп калбайт. Орусия курал-жарак чыгарууну азыркыдай деңгээлде дагы көпкө сактап кала алат. Орусиянын согуштук аракеттерине таасир этүүчү бир эле экономикалык фактор бар, кеп мунайдын баасы тууралуу жүрүүдө”, - деп айтат Корхонен.