Аталган кызмат 1-июлдан тарта автоунааны камсыздандырбагандарга айыптар салына баштарын эскертти.
Камсыздандыруу полиси, анын зарылдыгы? Эмнеге полис алууну айдоочулар кечеңдетип жатат?
1-июлдан тарта кыргызстандыктар автоунаасына камсыздандыруу полисин (ЖЖМК, орусчасы - ОСАГО) алууга милдеттүү болду. Буга чейин улам артка жылдырылып келген камсыздандыруу полисин алуу милдети бул жолу дагы сентябрга чейин узартылганын Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирген. Бирок Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы аны төгүндөдү. Мекеменин апта башында тараткан маалыматында 1-июлдан тарта автоунааны камсыздандырбагандарга айыптар салына баштары эскертилген.
Дагы караңыз
ОСАГО: машинени кантип камсыздандыруу керек?"Айып пул азыр салынбайт"
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байгазы Айтикул уулу азыркы тапта инспекторлор эреже бузган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келатканын белгиледи.
"1-июлдан баштап мыйзам расмий күчүнө кирген. Азыр айдоочулардын көбү камсыздандыруу полисин алууга жетише электигине байланыштуу биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Полиси жокторго карата протокол толтурсак мыйзамдын негизинде бул туура болот. Бирок, массалык рейддик иш-чаралар баштала элек, полиси жокторго айып салына элек. Бир гана түшүндүрүү, эскертүү болууда".
Кыргызстанда 1 млн 762 миң унаа катталган болсо, анын 150 миңге чукулу юридикалык тараптарга таандык. Мындан улам бул унааларды мекемелер 2023-жылдан бери милдеттүү негизде камсыздандырып келгенин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Бул мамлекеттик орган 4-июлга чейин 200 миңден ашык унааны камсыздандырган.
Кыргыз камсыздандыруу ассоциациясынын жетекчиси Улан Бактыгулов маалымдагандай, айдоочулар июнь айынын экинчи жарымынан тарта активдеше баштаган.
"Биздин камсыздандыруу рыногунда азыркы күндө 14 жеке жана бир мамлекеттик камсыздандыруу компаниялары иш жүргүзүп келет. Элдин активдүүлүгү былтыркы жыл менен салыштырмалуу июнь айында күч алган. Кыргызстандагы унаалардын саны 1,6 млн болсо, анын 37,5% камсыздандырылды. Бул кампания дагы уланат".
Дагы караңыз
Күчүнө кирген мыйзам, ОСАГОнун шарттары
Бул мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Анда 2019-жылы ишке кирет деп белгиленген. Бирок техникалык, укуктук жана айрым саясий себептерден улам жылып отуруп, акыркы жолу 2025-жылдын 1-июлуна белгиленген.
- Унааны милдеттүү камсыздандыруунун баасы 1680 сомдон башталып, унаанын кыймылдаткычынын көлөмү, айдоочунун тажрыйбасы жана башка критерийлерге жараша төлөнөт. Унаа ээси жол кырсыгына кабылса тараптарга 150 миң сомдон 450 миң сомго чейин кепилдик каражаты төлөнүп берилери көсөтүлгөн. Эгер унаасын камсыздандырбагандар болсо 3 миң сом айыпка жыгылат.
Камсыздандыруунун пайдасы
Ушу тапта Кыргызстан боюнча унаа ээлеринин 37,5% бул полисти алган. Июлдан тарта бул көрсөткүч кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн. 18 жылдан бери унаа айдап, Таластан Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташып иштеген Арслан Аламанов бул документти албагандардын бири.
"Эки миң сом төлөп, камсыздандыруу полисин алдым дейли. Бир күнү жол кырсыгына кабылып калсам, камсыздандыруу сертификатын берген компаниядан өзүлөрү айтып жаткан кепилдик акчаны ала аламбы? Мен ала албайм деп ойлойм. Себеби алар ошол убада берген 200 миң сомун бербей, мен жол кырсыгына туура эмес кабылып калганымды далилдеш үчүн бүт күчүн жумшашат, акыры алардыкы туура болуп чыга келет. Демек, мен акчаны асманга эле сапырып жибергендей болуп калам. Анын үстүнө алар акча берет эле деп күтүп жүргүчө, көнгөндөй эле чуркап барып өз акчаңа унааңды оңдой салып ишиңди уланта бергениң жакшы. Машине эмес, килейген үйү өрттөнүп, жер менен жексен болуп калгандарга ашып кетсе 200 миң сом берип атышат, анан унаага кайдан беришмек эле. Эл мындай чыгымдарга даяр эмес, камсыздандыруу компаниясы соттон сотко сүйрөйт. Мамлекет эч качан уттурбайт, өзгөчө жеке камсыздандыруу компаниялары элден акча чогултуп, байыгандан башканы кылбайт. ОСАГО - бул жөн гана абадан акча жасоо",- дейт ал.
Бирок мындай камсыздандыруу полиси дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө бар. Кыргызстан кеч болсо дагы ушундай эрежелерди киргизүү керек дейт эксперттер. Унааларды камсыздандыруу системасы коңшы өлкөлөрдө бир топ жылдардан бери иштеп келет. Мисалы, Казакстанда 2007-жылдан бери айдоочулар полис алып, кырсык болгон учурда камсыздандырган компаниялардан каражат алып келишет. Талдоочу Эмил Жороев эл арасындагы айрым түшүнбөстүктөрдү маалыматтын жетишсиздигинен улам деп эсептейт.
Эмил Жороев
"Азыр мамлекет айдоочулардын басымдуу бөлүгү бул полисти албай калганын көрүп турат. Андан сырткары буга чейинки, азыркы бийликтин да кемчилиги - бул камсыздандыруу эмнеге керек? Ал кошумча салык катары эмес, ар кандай күтүүсүз кырдаалдарда айдоочуга көмөкчү болорун элдин калың катмарына жеткире албай жатышат. Тилекке каршы, эч кандай аракет болгонун мен байка алган жокмун. Камсыздандыруунун маанисин жакшы жеткирсе, кепилденген машинелер үчүн канда акча берилгенин маалымат катары кенен беришкен жок. Ишенбөөчүлүк - биздин объективдүү маселе. Ошондуктан толук кандуу маалымат, ачыктык менен ийгиликке жетсе болот. Азыр 200 миңден 400 миңге чейин төлөнүп берилет деп айтылганы менен, бул сумма өтө аз каражат. Ошондуктан каражат төлөп берүүнүн схемалары канча көп болсо, айдоочулар үчүн ошончо мүмкүнчүлүк көп болот. 4-5 түрдүү тарифтер болгону жакшы. Колдонуучунун тандап алуу мүмкүнчүлүгү болгону да жакшы. Азыр Кыргызстанда унаа өтө көп, дээрлик ар бир үй-бүлөдө унаа катталган. Мындай караганда милдеттүү камсыздандыруунун наркы анча кымбат эмес, эгер аны адат кылып, жылда төлөгөнгө көнүп алсак мыкты болмок, бул керек".
Автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууга үндөгөн маалыматтык өнөктүк кеңири жүрдү. Соцтармактардан тартып, ЖМКларда активдүү чагылдырылды. Андан сырткары онлайн платформалар аркылуу полисти оңой алуунун жол-жоболору иштелди.
Өкмөт камсыздандыруу полиси айдоочунун "калканы" экенин айтып келет. Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы өлкөдө 7 101 жол кырсыгы катталган. Андан 743 адам каза болуп, дагы 10 миңден ашык киши жаракат алган.
Кыргызстанда 2025-жылдын январь-март айларында 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болгон. Дагы 2 миңден көп киши ар кандай жараат алган.
"Камсыздандыруу - экономикалык өсүш"
Экономист Кубан Чороев камсыздандыруу полисинин маанисин мындайча түшүндүрдү:
Кубаныч Чороев
"Бул эл аралык стандарттарга шайкеш келет. Коңшуларда Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда бул ийгиликтүү иштеп жатат. Кыргызстандан акыркылардан болуп иштей баштаганы жатат. Кепилденген компенсация болот, күнөөлүү айдоочулар үчүн жеңилдиктер болуп, мамлекеттик ресурстарды колдонуу азаят. Жол кырсыктары азайып, каржылоо төлөмдөрү топтоло берет. Экономикалык жактан караганда, камсыздандыруу компаниясы иштеп турган учурда ал мекеменин олуттуу каражаты банктарда актив катары иштей баштайт. Азыр 1600 сомдон өйдө сумма төлөнөт деп айтылды. Бул кайсы бир айдоочулар үчүн чоң каражат болушу мүмкүн. Ошондуктан айрым айдоочулар мыйзамдын туура жана так аткарылышынан күмөн санап жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мыйзам тажрыйбада жакшы иштеп кетсе эл өзу камсыздандырууга кызыктар болот".
Кыргызстанда "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” (ОСАГО) мыйзам 2015-жылы эле кабыл алынган. Документ 2016-жылы иштей башташы керек болчу, бирок камсыздандыруу полисинин баасы, төлөнө турган кенемте, анын шарттары так аныкталбай айдоочулар каршы болуп жети жылдан бери ишке ашпай келген.
2025-жылдын 1-январынан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынып баштамак. Декабрь айынын соңунда Министрлер кабинети бул мөөнөттү 1-июлга чейин жылдырган.