Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал эми 3-июлда Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барды. Бул сапарлар орус-азери мамилеси чыңалып, Кремль Борбор Азиядан барган мигранттарга шарттарды катаалдаткан учурга туш келди. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бул чыгарылышында кыргыз-орус мамилесин, Кыргызстандын тышкы саясатын талкуулайбыз. Ага дипломат, Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Уланбек Тотуяев, саясат талдоочулар Эмил Жороев, Нурсултан Акылбек жана мигранттар менен иш алып барган "Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева катышат.