Баш кеңсеси Нью-Йоркто турган "Журналисттерди коргоо комитети"(The Committee to Protect Journalists - CPJ) Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”мыйзамга кол койбой, аны артка кайтарууга үндөдү. Жаңы мыйзам өлкөдөгү бардык медиа каражаттарын мамлекеттик реестрге катталууга милдеттендирип, чет элдиктерге маалымат каражаттарын түзүүнү жана ээлик кылууну чектейт.
25-июндаЖогорку Кеңеш мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Акыркы эки жарым жылдан бери медиа чөйрөнү тынчсыздандырган документте журналист ким деген макамдан тартып, маалымат каражаттарынын ишмердигин чектеген нормалар бар.
"Кыргызстанда маалымат каражаттарына мурда-кийин болбогондой кысым күчөп турган тушта мыйзам долбоорундагы репрессивдик жагдайлар сөз эркиндигине байланыштуу терең тынчсызданууну туудурат", - деди эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид. "Президент Жапаровду сөз эркиндигин коргойбуз деген убадасына туруп, бул мыйзам долбооруна вето коюп, аны журналисттик чөйрөнүн пикирин эске алуу менен иштеп чыгууга парламентке кайтарууга чакырабыз".
Мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты апрелде биринчи окуудан өткөн, июндун ортосунда депутаттар документке талаштуу жагдайларды киргизип, 25- июнда шашылыш түрдө кабыл алынды.
2024-жылы мартта президент Жапаров ушул сыяктуу мыйзам долбоорун журналисттердин жана эл аралык уюмдардын кескин сынынан кийин артка кайтарган.
Соңку жылдары өлкөдөгү сөз эркиндиги, медиа каражаттарынын ишмердигине байланыштуу тынчсыздануулар көбөйдү. Буга акыркы мезгилдеги медиа жана журналисттерге байланыштуу кабыл алынган мыйзамдар да себеп болууда.
Дал ушул демилгелерден улам медиа коомчулук жана эл аралык уюмдар өлкөдө сөз эркиндигине олуттуу тоскоолдуктар жаралганын белгилеп, бийликти мындай кадамдардан баш тартууга үндөйт.
Кыргыз бийлиги сунушталган мыйзамдарды тармакты иретке салуу аракети деп, өлкөдө сөз эркиндиги сакталат деген позицияны баса белгилейт.