Шайлоонун талаш жараткан жыйынтыгы
Кыргызстанда парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын автоматташтырылган электрондук үкөктөрдөгү жыйынтык боюнча алгачкы маалыматындагы өзгөрүүлөр кызуу талкууга түшүп, суроолорду жаратты. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча алгачкы маалымат эмнени көрсөттү? Күмөн саноого негиз болгон өзгөрүүлөргө эмне себеп болду? Бул суроолор «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсүндө талкууланды. Талкууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, «Ата Мекен» партиясынан талапкер Клара Сооронкулова, «Азаттык» партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов, «Ынтымак» партиясынан талапкер Чыңгыз Макешов катышты.
Чыгарылыштар
-
Июль 03, 2025
Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?
-
Июнь 25, 2025
Депутаттар демилгени колдон чыгардыбы?
-
Апрель 12, 2025
“Снос”: Мыйзам талабы жана менчик укугу
-
Март 13, 2025
Чек аранын чечилгени чөлкөмгө кандай таасир этет?
-
Февраль 27, 2025
Шайлоо мыйзамы: Партиялардын доору бүттүбү?
-
Февраль 05, 2025
Жапаровдун Бээжин сапары, Мишустиндин талаштуу билдирүүсү