Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Техаста суу ташкындан 24 адам набыт болду, ондогону дайынсыз


Суу каптоо учуру. Техас, АКШ. 4-июль, 2025-жыл.
Суу каптоо учуру. Техас, АКШ. 4-июль, 2025-жыл.

4-июлда АКШнын Техас штатындагы Гуадалупа дарыясынан суу ташып, кеминде 24 адам набыт болду, ондогон адам дайынсыз болууда. Алардын ичинде дарыянын жээгине жайгашкан Camp Mystic христиан лагеринен 23 кыз да бар.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыядагы суунун деңгээли 45 мүнөттө 8 метрге көтөрүлгөн. Бул убакта элди коопсуз жакка эвакуациялоого мүмкүн болгон эмес.

АКШнын Улуттук метеокызматы чукул кырдаал режимин киргизди.

Жуманын кечине карай 237 адам коопсуз жакка чыгарылды, анын ичинде 167си тик учак менен жеткирилди.

Президент Дональд Трамп суу ташкындан жабыркагандарга федералдык жардам убада кылды. Техастын губернатору Грег Эбботт штатка чукул кырдаал режимин киргизүү тууралуу декларацияга кол коюп, куткаруу иштерине каражат "чексиз" сарпталарын билдирди.

Бийлик чукул кырдаал тууралуу алдын ала эскертүүлөргө карабай, анын кесепети чоң болгонун мойнуна алууда.

Техаста АКШнын Көз карандысыздык күнүнө (4-июль АКШнын Эгемендик майрамы) карата бардык майрамдык иш-чаралар, анын ичинде фейерверк аттыруу да токтотулду. Куткаруу иштери уланып жатат, ошол эле учурда жаңы суу каптоо коркунучу да бар.

Быйыл январда Американын Лос-Анжелес шаарында ири өрт чыгып, токойлорун жана эл жашаган аймактарды каптаган. Анда өрттөн 28 киши набыт болуп, 180 миң киши коопсуз жактарга көчүрүлгөн. 16 миңдей турак жай күлгө айланган. Өрттүн чыгымы 250 миллиард доллардан ашуун деп кабарланган.


Шерине

XS
SM
MD
LG